Полициялык мамлекет

Википедия дан

Полициялык мамлекет - коомдук түзүлүш үчүн колдонулган образдуу түшүндүрүү.

Мында бийлик жарандардын социалдык, экономикалык жана саясий жашоосун катуу көзөмөлгө алууга (репрессиянын жардамы менен дагы) умтулат. Полициялык мамлекетте мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик начар бөлүнгөн; мындай мамлекет көбүнчө тоталитардык же авторитардык белгилерге ээ.

Полициялык мамлекеттин белгилери талашта болуп келет; ал эми мамлекеттер өзүлөрүн мындай аташпайт. Негизи Полициялык мамлекет термини жүрүп жаткан режимдин ички жана тышкы каршылаштарынын ортосунда колдонулат. Полициялык мамлекетке мисал катары - апартеид доорундагы ТАР же Үчүнчү рейх мезгилиндеги Германия, ошондой эле согуштук хунта жүрүп жаткан кайсы мамлекет болбосун кирет. Идеалдуу Полициялык мамлекет сталиндик СССР болгон деген ойлор да бар, ал эми азыркы учурда Түндүк Корея Полициялык мамлекет болуп саналат.

Полициялык мамлекет жарандардын жеке жана коомдук жашоосун катуу регламентациялоо (жарандардын турган жерин, кыймылын, жүрүм-турумун көзөмөлдөө), жашыруун кат жазышууну массалык бузуу, телефондон сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды, маектешүүлөрдү тыңшоо, оппозициялык кыймылдардын даана жана потенциалдуу катышуучуларына, ишмерлерге тутумдук досье киргизүү менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8