Полиэмбриония

Википедия дан

Полиэмбриония (поли... жана эмбрион) – бир нече түйүлдүктүн (эгиздер) бир зиготадан өөрчүшү. Бирдей жумурткадан чыккан эгиздер дайыма бир жыныста (эркек же ургаачы) болот. Бир түргө мүнөздүү болуучу атайын жана кокус (споралык) полиэмбриония болуп айырмаланат. Өзгөчө полиэмбриония мите жаргак канаттууларда, курт-кумурскаларда, сүт эмүүчүлөрдөн чопкутчандарда кездешет. Мисалы, чабандесте бир зиготадан 3000ге жакын личинка, чолок куйрук чопкутчанда бир жумурткадан 7–9 түйүлдүк өөрчүйт. Кокус полиэмбриония бардык жаныбарларда, көбүнчө кээ бир гидроид полиптеринде жана сөөлжанда кездешет. Омурткалууларда ал дайыма гаструляция стадиясынын башында же ага чейин түйүлдүктүн бир нече бөлүктөрүнөн ажыроо жолу менен пайда болот. Кишиде сейрек кездешүүчү полиэмбриония учурунда ген. жактан бир тектүү, бир жыныстагы (2–5) эгиздер туулат. Өсүмдүктө бир урукта бир нече түйүлдүктүн пайда болушу полиэмбриония деп аталат. Алар бир түйүлдүк баштыкта (чыныгы полиэмбриония) же тирүү түйүлдүк баштыкта (жалгап) пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]