Полонез

Википедия дан
Полонез (1888)

Полонез (французча danse polonaise – поляк бийи) – 1) салтанаттуу бал бийи, музыкалык өлчөмү – ¾. Элдик бийден чыккан. 16-кылымда Францияда, Европанын башка өлкөлөрүндө хан сарайларында бийленүүчү бий катары тараган. Бийлөөчүлөр жуп болуп, жумшак, назик кадам менен басымды үчтүн бирине жасап, созулуңку кыймылда бийлешкен. Полонез салтанаттуу жүрүштөн кийин майрамдын мүнөзүн сактоо менен ар кандай түрдө аткарылган. Полонездин кооз үлгүлөрү музыкалык пьеса катары 17-кылымдан тартып И. С. Бахтын, Г. Ф. Генделдин сюиталарында, партиттеринде, В. А. Моцарттын, Л. Бетховендин, К. М. Вебердин, Ф. Шуберттин чыгармаларында жолугат. музыкалык жанр катары Ф. Шопендин чыгармачылыгында кеңири өнүгүүгө ээ болгон. Полонезди орус композиторлору М. И. Глинка, Н. Н. Римский-Корсаков, П. И. Чайковский операларында колдонушкан. Полонезди композитор О. А. Козловский, Г. Р. Державиндин сөзүнө жазылган салтанаттуу аспаптык-хорунда пайдаланган. 20-кылымдын 70-жылдары М. К. Огинскийдин полонези («Мекен менен коштошуу») Кыргызстанда кеңири белгилүү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]