Полотов Тойчу

Википедия дан

Полотов Тойчу (1907, азыркы Ош областы, Кара-Суу району, Баш-Булак айылы – 1977, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). Эмгек жолун 1930-жылы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1943-жылдан «Катта-Талдык» асыл тукум заводунда баш чабан. 1957-жылы ар жүз тубар койдон 125тен козу, 4,9 кгдан жүн, 1958-жылы 112ден козу, 5,8 кггдан жүн кыркып алган. 1959–67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]