Полторацкий Владимир Александрович

Википедия дан

Полторацкий Владимир Александрович (1828 – 1886) – Орус императордук армиясынын генерал-лейтенанты (1879), картограф, Орто Азинын изилдөөчүсү, Тянь Шанга уюштурулган географиялык илимий жүрүштөрдүн катышуучусу. Орус армиясынын Генералдык штабынын Кавказ, Оренбург жана Сибир аймактары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси (1862). Орус империясынын азиялык бөлүгү жана Чыгыш өлкөлөрү боюнча стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы, Семипалатинский обласиынын губернатору, Тянь-Шань жана Заилий аймактарынын изилдөөчүсү (1868). 1867-ж. Орто Азияга Кытай чек араларын, Текес жана Тянь-Шандагы стратегиялык мааниси бар Музарт тоо кыркасын изилдөөгө жиберилген. Ошол эле жылы Верныйдан –Кастекке, Шамшыдан – Кочкорго, Соң-Көл, Нарын өрөөнү аркылуу Таш-Рабатка, андан Чатыр-Көлгө, Торугарт, андан Кытай чек арасына аскердик-чалгындоо иштерин аткарган. Кайра кайтканда, Ат-Башы жана Нарын, андан Долон ашуусу аркылуу Чүй дарыясына, Боом капчыгай аркылуу Токмокко андан Ташкентке чейин багыт менен ишке ашырылган. Экспедиция тарабынан аймактын картасы чийилип, зор көлөмдөгү маалыматтар жыйналган. Бул жүрүштүн мааниси Кашкардагы Якуб-бектин мамлекетине байланыштуу согушутк-саясий да мааниси зор болгон. В.А.Полторацкий Россиянын Кулжадагы аракеттерине (1871) да жигердүү катышкан. Анын «Общий обзор страны, лежащей к западу от Заилийского края между реками Чу и Сыр-Дарья» аттуу эмгеги бар.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Общий обзор страны, лежащей к западу от Заилийского края между реками Чу и Сыр-Дарьей (земель, вошедших в состав нынешней Туркестанской области) // ЗИРГО, 1867. – Т. I. – С. 55–72;
  2. Объяснительная записка к карте Киргизской степи // Там же. – С. 73–74 (соавт. подполковник Ильин);
  3. Записка о значении мусульманского восстания в Западном Китае, 7 марта 1871 г. // ЦГАРУ. Ф. 715. Оп. 1. Д. 45. Л. 241–260;
  4. Записка о мусульманском восстании в Монголии и Западном Китае // ЦГАРУ. Ф. 715. Оп. 1. Д. 48. Л. 289–304;
  5. Записка о необходимости безотлагательных действий против Кашгара и об участии в этом случае войск Западно-Сибирского округа // ЦГАРУ. Ф. 715. Оп. 1. Д. 49. Л. 231–238; Сведения о торговых сношениях с Западным Китаем // ИИРГО. – 1873. – Т. IX. – Вып. 2. – С. 98–101;
  6. Воспоминания В. А. Полторацкого // Исторический вестник (СПб). – 1893. – янв.–кт.; 1895. – янв.–июль.

Адабияттар жана булактар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Послужной список полковника Полторацкого 2-го В. А. // РГВИА. Ф. 400. Оп. 21. Д. 184;
  2. Полторацкий В. А. [некролог] // РИ. – 1886. – № 167; ЭС. – Т. XXIV. – С. 381;
  3. Карты пути экспедиции В. А. Полторацкого в Занарынский край в 1867 г. и объяснения к карте // ИИРГО. – 1869. – Т. V. – отд. 2. – С. 174;
  4. Поездка действительного члена В. А. Полторацкого для исследования Мусартского прохода в Тянь-Шане // Там же. – С. 175–185;
  5. Маслова. Обзор русских путешествий. – Ч. II. – С. 67–70; Басханов. Генерал Лавр Корнилов. – С. 91.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015