Полуэктов Сергей Александрович

Википедия дан

Полуэктов Сергей Александрович (1953-ж. т., Фрунзе ш.) - пианист, композитор, дирижёр.

Музыканттын үй-бүлөсүнөн. 1968-ж. Москва мамлекеттик П. И. Чайковский атындагы консерваториясынын алдывдагы окуу жайынын композиция классында окуган. Бирок, Полуэктов пианист болгусу келип 1970-ж.Ленинград мамлекеттик Н. А. Римский-Корсаков атындагы консерваториясына өтөт.

1973-ж. бүтөрү менен Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Кыргыз мамлекеттик М.Абдраев атындагы опера жана балет театрында концертмейстер болуп иштейт.

1976-ж. Саратов мамлекеттик Л. В. Собинов атындагы консерваториясынын фортепьяно факультетин сырттан окуйт.

1979-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция кафедрасына которулуп.

1983-ж.бүтүрүп Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында концертмейстер, дирижёр катары эмгектенет.

У. Мусаевдин «Томирис», Т. Хренниковдун«Сүйүү артынан сүйүү», Перголезинин «Кызматчы-айым» аттуу спектаклдерин коюуга катышкан. Дирижёр-коюучу катарында «Испаниянын келбети» аттуу балетти тартуулайт.

  • 1984-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү.
  • 1978-ж. «Мальчиш-Кибальчиш» балети А. малдыбаев атындагы опера жана балет театрында,
  • 1979-ж.Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайында коюлат.

Жазуучу Ч. Айтматовдун повести боюнча жазган «Биринчи мугалим» симфониялык поэмасы фортепьяно менен оркестр үчүн жазган рапсодиясы Свердлов мамлекеттик A. В. Луначарский атындагы опера жана балет театрында аткарылат.

«Созвездие» операсын К. Симонов менен Н. Нгувонун сөзүнө сопрано, хор жана симфониялык оркестр үчүн симфонияны, «Нарын каскады»симфониялык сүрөттөмөнү, М. Баетовдун «Даанышманынын» темасына симфониялык оркестр үчүн фантазияны, «Менин Кыргызстаным» теле-фильмине музыка жазган.

Темаларынын жаңылыгы, жаңы ыкмаларды,жаны кайрыктарды, ыргактарды колдоно билүүдөгү чеберчилиги, чыгармаларынын көп түстүүлүгү менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.