Полынцева-Дурыкина Нина Фёдоровна
Көрүнүш
Полынцева-Дурыкина Нина Фёдоровна (25. 8. 1928, ОСФСР, Омск облусу, Муромцев району, Медвежье айылы ― өлгөн жылы белгисиз, Чүй облусу, Кант району) ― кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Эмгек жолун 1943-жылы Кант районундагы Фрунзе атындагы колхоздо кызылча өстүрүүчү звенодо иштеп баштаган. 1944-жылдан «Красная Заря» совхозунда звено башчысы болгон. 1947-жылы ал башкарган звено 2 га жердеги кант кызылчасынын гектарынан 830 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9