Поляк көтөрүлүшү (1830-31)

Википедия дан

Поляк көтөрүлүшү (1830-31), Ноябрь көтөрүлүшү - падышалык Орусиянын бийлигиндеги Поляк королдугунда чыккан улуттук боштондук көтөрүлүш.

1830-ж. 29-ноябрда жашырын шляхта аскер уюмунун демилгеси менен башталып, эл массасы колдоого алган.

Ак сөөк шляхталар жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн өкмөтү («народовы») көтөрүлүш аркылуу королдук жерди кеңейтүүгө аракеттенген. «Патриоттук коомго» баш кошкон демократиялык чөйрө эл массасын падышалыкка каршы үгүттөгөнү менен алардын социалдык кайра куруулар үчүн күрөшүнө жетекчилик кылган эмес. «Жонд» өкмөтү менен сеймдин дыйкандар талап кылган агрардык реформаны жүргүзүүдөн баш тартышы массанын көбүн көтөрүлүштөн четтетип, анын жеңилишине алып келген.

1831-ж. октябрда падыша өкмөтү өз бийлигин калыбына келтирип, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз жазалаган.

1815-жылдагы , Конституция, сейм жана польшалык армия жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.