Поляриметрия

Википедия дан

Поляриметрия – оптикалык активдүү заттар аркылуу өткөн жарык уюлдануу тегиздигинин айлануу бурчун өлчөөгө негизделген метод, ал эми өлчөөчү аспап уюлдануу деп аталат. Жарык булагынан чыккан нур (натрий же сымап лампасы) призма аркылуу өткөндө тегиздикте уюлданат. Уюлданган жарык изилденүүчү зат куюлган кювета аркылуу өтүп анализаторго туш келет. Эгерде эки призманын уюлдануу тегиздиги бири бирине салыштырмалуу тик бурчтукта жайгашса, анда изилденүүчү зат жок кезде, уюлданган жарык анализатор аркылуу өтпөйт. Оптикалык активдүү затты аспапка жайгаштыргандан кийин уюлданган жарык анализатор аркылуу өтпөш үчүн анализаторду оңго же солго бир аз б бурчка жылдыруу керек. Бул бурч байкалуучу оптикалык айлануу болуп саналат. Аны формула боюнча салыштырмалуу айланууга эсептейт. Мында, б – уюлдануу тегиздигинин айлануу бурчу; l – кюветтин (оптикалык активүү заттын калыңдыгы) узундугу; с - заттын % менен алынган концентрациясы; t - өлчөөлөр жүргүзүлүүчү темп-ра; l-пайдаланган жарыктын толкун уз. Көпчүлүк учурда, төмөнкү формула боюнча аныкталуучу: мол-лык айлануу колдонулат, М- зат мол. массасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]