Полярон

Википедия дан

Полярон - кристалл торчону деформациялаганда электрондордун кристалл боюнча жылышы.

Поляронду советтик физиктер Л. Д. Ландау (1933), Я. И. Френкель (1936) кийирген.

Полярон - квази , б. а. электрон жана аны менен байланышкан фонондун суммасы; Полярон поляризацияланбаган чөйрөдөгү бош электронго Караганда аз энергияга ээ.

Полярон жарым өткөргүчтөрдө жана иондук торчого ээ болгон бардык диэлектриктердеги электрондук теориянын бир түшүнүгү.

Бир (дискреттик) энергетикалык деңгээлден экинчисине өтүү менен Полярон жарык толкундарын жута жана чыгара алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.