Попов, Василий Михайлович

Википедия дан

Попов, Василий Михайлович (1901, азыркы Липецкий облусу, Лебедянь ш. – 1991-ж., Бишкек ш.) – илимпоз-геолог, геология-минералогия ил. доктору (1955), профессор (1956), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1960), Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975). Ленинград тоо ин-тун бүткөн (1930). Геол. комитетте (Ленинград) партиянын начальниги (1930–31), Казакстан геол. трестинде техникалык жетекчи (1931–32), СССР ИАнын Казакстан базасында (кийин Казакстан филиалы) сектор башчысы (1936–46), Новочеркасск политехника ин-тта доцент (1946–47), СССР ИАнын Кыргыз филиалында Геол. ин-тунун директору (1947–52), ин-тун директорунун орун басары (1961–62) ж-а 1955-жылдан ин-та, адегенде лаборатория, кийин сектор башчысы. П. – руда кен байлыктар жөнүндөгү илимдин чөкмө түрдө пайда болуу багытын негиздөөчүлөрдүн бири. Илимий изилдөө иштери Кыргызстан менен тыгыз байланышып, руда б-ча литологдордун мектебин түзгөн. Анын 80ден ашык илимий эмгеги негизинен жез, коргошун, цинк ж. б. металлдардын стратиформ кендеринин чөкмө түрдө пайда болуу маселесине арналган. Илимий эмгектери ж-а анын мектеби СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө да колдоого алынган. Ал башкарган сектор чөкмө рудагенез теориясын өнүктүрүү б-ча өлкөдөгү бирден бир негизги илимий изилдөөлөр менен бирге илимий уюштуруу иштерин жүргүзүп, илимпоздорду, анын ичинде жергиликтүү кадрларды даярдоого көп көңүл бурган. Анын жетекчилиги менен илимдин бир нече кандидаты ж-а доктору даярдалган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]