Попов, Владмир Иванович

Википедия дан

Попов, Владмир Иванович (1907-ж. т., Ленинград) – илимпоз – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1939), профессор (1940), Өзбек ССР ИАнын академиги (1968), корреспондент мүчөсү (1958), Өзбек ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1957). Орто Азия мамлекеттик ун-тинин (САГУ) физика-математика фак-тинин геол. – чалгындоо бөлүмүн бүткөн (1927). 1939-жылдан САГУда кафедра ж-а лаборатория башчысы. П. – геол. формация жөнүндөгү илимдин ж-а литологдордун Орто Азиялык мектебин негиздеген. Ал – 350дөн ашык илимий ж-а илимий -популярдуу эмгектин (анын 17си монография) автору. Илимий эмгектери геологиянын бардык маанилүү тармагын камтып, аларды комплекстүү изилдөөгө арналган. Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда геол. илимин өнүктүрүүдө зор салым кошкон. Кыргызстандагы Кадамжай кенинин геол. картасын алгач ирет түзүп, анын батыш уландысын тапкан. Айдаркен ж-а Охна кендерин ачкан. Орто Азиядагы кайнозой моласстарынын нефть-газдуулук маселесин көтөрүп, Фергана өрөөнүндөгү неоген тоотектеринде нефтинин мол запасы бар экенин алдын ала айткан (1941). Прогрессивдүү палеомагнит методун алгач сунуш кылган (1947). Жер кыртышынын өсүп-өнүгүшүнүн ядролук теориясын бардык жактан иштеп чыгуу менен актуалдуу изилдөө жүргүзгөн (1951). Анын негизинде Орто Азиянын аймагын геол.-формациялык райондоштурууну ишке ашырган. Чөкмө рудаларды изилдөөнүн кларк методун иштеп чыккан. Ысмы Айдаркен шаарчасындагы бир көчөгө коюлган. «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]