Порошок металлургиясы

Википедия дан

Порошок металлургиясы, күкүм металлургиясы – металлургиянын бир тармагы; металл жана металл сыяктуу бирикмелерден, чала фабрикат металлдардан порошок (күкүм) даярдоо жана алардын негизги компоненттерин эритпестен буюмдар даярдоо технологиясы. Мында жогорку температурада бышыруу жана басым менен иштетүү технологиялары колдонулат. Порошок металлургиясы технологиясына төмөнкү операциялар кирет: алгачкы металл порошогун алуу жана алардан белгилүү химиялык курамдагы шихтаны (бирикмени) даярдоо; порошок шихтасын белгилүү формага жана өлчөмгө келтирип калыптоо; аны бышыруу (б. а., эрүү температурасынан төмөнкү температурада ысытуу) ж. б. Бышырылгандан кийин металл буюмдардын механикалык касиеттерин жогорулатуу максатында аны басым менен иштетүү, кайталап термдик, термохимиялык жана термомеханикалык иштетүү операциялары да колдонулат. Порошок даярдоо үчүн металлдар куюндуу, дирилдек жана шар формасындагы тегирмендерде майдаланылат. Порошок алуунун дагы бир өркүндөтүлгөн ыкмасы – атайын пресс-формада суюк металлды чачыратып кургатуу (калыптоо). Формага келтирилген материалдар суутек, кычкылтек катышкан атайын сактоочу чөйрөдө же вакуумда эрүү температурасынын 70–80%ин түзгөн температурада бышырылат. Порошок металлургиясы негизги артыкчылыгы: 1) башка ыкмалар менен алууга мүмкүн болбогон металлдарды (вольфрам, тантал ж. б.) алууга болот; 2) эң жогорку техникалык-экономикалык көрсөткүчкө ээ болгон материалдар алынат; 3) таза порошок материалдарын пайдалануу менен керектүү курамы толук сакталып, эч кандай башка кошунду кошулбаган таза бышырылган материалды алууга мүмкүн; 4) бышырылган материалдардын курамы жана тыгыздыгы бирдей болгондо, анын структурасынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу ал материалдардын касиеттери эритип алынган материалдардыкынан бир кыйла жогору болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]