Портал:Чыңгыз Айтматов
Башка порталдар • География • Тарых • Инсандар • Дин • Спорт • Техника • Биология • Кесип • Философия
• Портал • Мыкты макалалар • Долбоор • Долбоорду талкуулоо • Катышуучулар “Чыңгыз Айтматов - чындыктын жарчысы”. Ушундай аталыштагы жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий конференция бүгүн Кыргызстан эл аралык университетинде өтүүдө. Конференцияны уюштуруучулардын бири, аталган окуу жайдын азыркы тилдер кафедрасынын башчысы филология илимдеринин кандидаты Болот Ниязалиевдин айтымында, улуу инсан Чынгыз Айтматов бул окуу жайга келип студенттерге лекция окуп берип, алардын руханий дүйнөсүн байытуу жана биримдикке, мекенчиликкке тарбиялоодо чоң салымын кошкон. Б.Ниязалиев: Айтматов бизге келип студенттерге лекция окуп берчү.Анын лекциясын студенттер уюшкандык менен угушуп, кетиргилери келчү эмес. Ностальгия деп коебузбу, Айтматовдун көзү өтсө дагы жаркын элеси эстен кетпейт. Ошол үчүн жылына конференцияларды уюштурабыз деп чечкенбиз. Студенттерден сураганда алар Айтматовдун бардык чыгармаларын окугандыктарын айтышат.Анын чыгармалары азыр да бизге жарыкка үндөп турат,-деди Кыргызстан эл аралык университетинин азыркы тилдер кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Болот Ниязалиев. Эске салсак, бүгүн кылымдын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал 1928-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Шилтеме[булагын оңдоо]Маалыматты толугу менен төмөнкү шилтемени басып окуй аласыз [1] Досум, эгер Сиз Чыңгыз Айтматовдун өмүр таржымакалын жана чыгармачылыгын жакшы билсеңиз, ошондой эле порталды өнүктүрөм десеңиз, анда - Кош келиңиз! Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларындагы каармандар тууралуу макала жазып, порталдын бул бөлүгүнө жайгаштырсаңыз болот. Максюта Даярдаган:Атакова Айтбу 9-бкласс Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматовсоветтер союзунун комунистик партиясынын Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон. 1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды. Калганын окуу... -->
|