Порт-Саид

Википедия дан

Порт-СаидЕгипеттин түндүк-чыгышындагы порт шаар. Жер ортолук деңиздин жээгинде, Суэц каналынын кире беришинде жайгашкан. Порт-Саид мухафазасынын административдик борбору. Калкы 607 миң (2010). Деңиз порту. Соода-транспорт жана жүк сактоочу эл аралык борбор. Кеме куруу, текстиль жана тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалат. Шаар 1859-жылы Суэц каналы курулганда пайда болгон. Деңиз курорту.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]