Порфирий (философ)

Википедия дан
Порфирий.

Порфирий (234—304) — Плотиндин философиясын улантуучу, неоплатоник. Ал 70тен ашык жакын трактаттарды жазган, алардын ичинен бизге 18и гана жеткен. Алардын эң белгилүүлөрү төмөнкүлөр: «Плотиндин өмүр таржымалы», Аристотелдин «Категориялар», «Сентенциялар» деген эмгектерине «Кириш сөз».

Аристотелдин «Категорияларына» жазган «Кириш сөз» философиянын өнүгүшүндө чоң роль ойногон, анткени ал эмгекте жалпы түшүнүктөрдүн мүнөзү жөнүндөгү маселе ачык аныктамаланган. «Алар өз алдынча жашап турабы же ойдогу гана нерселерби жана эгерде алар бар болуп жашап турган болсо, алар телолорбу же телосуз нерселерби, алар өзүнчө бытиеге ээби, же алар сезимдик предметтерде гана жашап жана аларга таянып турабы? [I, 1а].

Христианчылыкка болгон көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Порфирий христианчылыкка каршы чыгып, а түгүл «Христиандарга каршы» деген эмгек жазган, ал бизге жеткен эмес, бирок цитата алынган үзүндүлөр боюнча калыбына келтирилген. Бул эмгегинде ал Эски осуят менен Жаңы осуятты кескин түрдө сынга алып, айрым китептерди түп нуска эмес деп эсептеген. Ал Евангелиялардагы карама-каршылыктарды да көрсөткөн. Ошол эле убакта Порфирий жалпы эле динге каршы чыккан эмес, ал политеисттик диндин тарабында турган жана философиялык акыйкаттар мифтер түрүндө аллегориялык формада чагылдырылат деп эсептеген.

Порфирий Плотиндин окуусун бир кыйла ачык баяндап, анын практикалык жагына, башкача айткандаадеп-актык проблемаларга көбүрөөк басым жасайт. Алсак, ал жакшылыктар жөнүндөгү маселени майда-чүйдөсүнө чейин толук баяндайт. Бардык жакшылык сапаттарды төрт түргө бөлөт, бирок алардын баарысы практикалык акыл-эстин таасири астында турат. Порфирий практикалык акыл-эсти баарынан жогору койгон. Ал бейкапачылыкты жана ыракатта жашоону жактыруучулукка карама-каршы турган акыл-эстүү жашоо-турмушту даңазалайт. Порфирий философтун окуусу анын жашоо-турмушуна ылайык же ылайык келбеши мүмкүн деп эсептеген.

Беш үндөштүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы түшүнүктөр жөнүндөгү проблеманын коюлушу Орто кылымдарда номиналчылар менен реалисттердин ортосунда күч алган универсалийлер жөнүндөгү талаш-тартыштар үчүн азык болгон. Аристотелдик категорияларды талдоого алганда тукум, түр, түрлөрдүн айырмасы, өздүк белги, кокус белги деген түшүнүктөрдү да талдап чыгуу керек дейт Порфирий. Бул беш түшүнүк Порфирийдин терминологиясына ылайык «беш үндөштүктү» пайда кылат.

Порфирийдин бул логикалык изилдөөлөрүнүн натыйжасы «Порфирийдин дарагы» деп аталат, бул өзүнчө бир түшүнүктөрдүн пирамидасынын үлгүсү болуп саналат, мында түшүнүктөрдү дихотомикалык бөлүүнүн жардамы менен жекеликтен жалпыга карай жана мунун тескерисинче процесстер жүрөт. Жандуулар — денелүүлөргө жана денесиздерге, денелүүлөр — жандууларга жана жансыздарга, жандуулар — сезүүчүлөргө жана сезбөөчүлөргө, сезүүчүлөр аң-сезимдүүлөргө жана аң-сезимсиздерге бөлүнөт. Аң-сезимдүү жан дегенибиз — адам, бул дихотомикалык түрдө бөлүнбөйт, анткени ал айрым жеке индивиддерге — Сократка, Платонго жана башкаларга бөлүнө турган адамдардын жалпылыгын түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]