Посидоний

Википедия дан

Посидоний (Х.Т.ч. 135—51 ченде) — эң ири байыркы грек философу, стоик. Сириядагы Апамея шаарында туулуп-өскөн, Афинада Панетийден окуган.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал көп саякаттап, бүт Орто жер деңизинде, Египетте, Испанияда, Англияда жана башка өлкөлөрдө болот. Саякаттарынын учурунда жаратылыштын кубулуштарына көп сандаган байкоолорду жүргүзөт. Кырк жашында Родосто өз мектебин ачат, кийин бул белгилүү мектеп болуп калат. Сексен жаштан ашкан курагында Римге жөнөп, ошол жерде каза табат. Ал өзүнөн кийин көптөгөн чыгармаларды калтырган, бирок алардан сакталып калгандары аз.

Эратосфен методу, жердин өлчөмдөрүн аныкташ үчүн Посидоний менен колдонулган

Посидоний өзүнөн кийинки философияга чоң таасир көрсөткөн, бул бир кыйла мезгил өткөндөн кийин, ошол кездеги жана андан кийинки доорлордун философиялык чыгармаларын кунт коюп окуп-үйрөнүп чыкканда гана белгилүү болгон.
Посидонийдин эмгектеринин тематикасы өтө ар түрдүү, ал табият илимдеринин проблемаларынан тартып кеңири тармактагы философиялык маселелерге чейин камтыйт.

Философия, физика, логика, этика тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Посидоний философияны жандуу нерсеге окшоштурат, физика — кан жана эт, логика — сөөктөр жана булчуңдар, этика — жан дейт. Физикада Посидоний дүйнө бир бүтүн, башталган жана бүтө турган чеги бар, шар түрүндө деген көз карашты туткан. Ай үстүндөгү дүйнө активдүү, ай астындагы дүйнө (башкача айткандажаратылыш) пассивдүү. Кудай — бул аң-сезимдүү космостук жан, ал калган бардык дүйнө аркылуу сызылып өтүп турат, ушундан улам бардык нерседе «акыл жана кудурет» пайда болот» [Цицерон. Кудайлардын табияты жөнүндө. XII. 138]. Бул тартип кудай тарабынан тыштан эмес, ичтен киргизилет. Кудай Посидонийдин окуусунда дүйнөгө ичтен мүнөздүү болгон имманенттик күч катарында чыгат. Асман менен жердин, ай үстүндөгү жана ай астындагы дүйнөнүн ортосундагы байланышты симпатия түшүнүгүнөн көрөт, симпатия мында өзүнчө бир ылайык келүү катарында чыгат да, асмандын — жетектөөчү элемент, ал эми жердин жетеленүүчү элемент болгондугунан көрүнөт (мисалы, Ай менен Күндүн деңиз суусунун көтөрүлүшүнө жана тартылышына тийгизген таасири).
Посидоний, ошондой эле, келечек окуяларды алдын ала билдирүүчү астрологиялык окуу жөнүндөгү стоиктердин окуусун кайрадан жандандырат, бул окууну Панетий бир аз солкулдатып кеткен болучу. Мында да, Посидонийдин пикири боюнча, симпатия көрүнүп чыгат.

Панетийдей эле Посидоний да өзүнүн системасында башкы ролду этикага берет. Эң жогорку жыргалчылык, анын пикири боюнча, акыйкатты таанып-билүүгө жетишүү, буга философиянын жолу аркылуу жетишүүгө болот. Ал философияны мактайт, анын көз карашы боюнча, философия адамга адептик-актык турмушту берет. Адамдын жаны бардык акыл-эстүү жана адептүүлүк нерселерди кабылдоого жөндөмдүү деп айтуу менен Посидоний Платондун жандын кумарлыкты башкаруучу бөлүгүн жакшы калыптоонун зарылдыгы жөнүндөгү жобосун кайталайт.

Окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Посидоний өзүнүн окуусунда платонизмдин мүнөздүү белгилери менен пифагорийлик мамиленин мүнөздүү белгилерин айкалыштырат. Ал жандын көчүшү жөнүндөгү концепцияны кабыл алат. Дене өлгөндөн кийин жан, Посидонийдин пикири боюнча, ай үстүндөгү дүйнөгө көчөт да, ал жакта жердеги күнөөлөрүнөн арылат. Жогорку чөйрөдө ал дүйнө жалындап күйүп кеткенче турат да, андан кийин башка бир жаңы денеге көчүп кирет.

Ушуга байланыштуу Посидоний демондор жөнүндөгү окууну өнүктүрүп, аны философиялык жактан негиздейт. Демондор жөнүндөгү окууга таянып Посидоний дүйнөдөгү агылып туруучулукту жана бири-бирине өз ара өтүп туруучулукту негиздөөгө аракеттенет. Адам менен айбандын, органикалык жана органикалык эмес дүйнөнүн, өлүм менен өмүрдүн, дене менен жандын, эркин адам менен кулдун, улутчулдук менен космополитизмдин, туюм-сезим менен ойломдун, теория менен эмпириялыктын жана башкаларортосунда так чек жок.

Посидоний

Тарыхый концепциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Посидонийдин тарыхый концепциясы да олуттуу кызыгууну туудурат, бул концепциясында ал Гесиоддун өзүнүн жашоосун токтотуп, куруп жок болуучу баскычына өткөн алтын кылым жөнүндөгү көз карашы менен Демокриттин жана Эпикурдун искусствонун, техниканын, илимдин жардамы аркылуу цивилизациянын азыркы деңгээлине жеткен адамзаттын прогресси жөнүндөгү көз караштарын бириктирет. Алтын кылымда философтор үстөмдүк кылып турган, ал эми адамзаттын прогресс кылымында философиянын ролу адамдарды мыйзамдардын негизинде тарбиялоо болуп саналат. Посидоний өзүнүн көз карашына адамдын тарыхы климат менен жер кыртышына багыныңкы болот деген Гиппократтын окуусун да кошот. Ал, ошондой эле адам тарыхый чөйрө аркылуу калыптанат деген Полибийдин позициясын да кабыл алат.
Посидонийдин концепциясын, башка бир стоик Панетийдикиндей эле, көп учурда өткөн мезгилдердин философиялык окууларында камтылган бардык жакшы нерселерди өзүндө бириктирип турган эклектикалык концепция катарында баалашат. Чынында да алардын көз караштарында платонизмден да жана аристотелизмден да кабыл алынган көп нерселер бар. Алардын окуусун көп учурда «стоикалык платонизм» деп да аташат. Бирок бул жөнөкөй эклектика эмес. Бул римдик стоизмдин Сенека, Эпиктет, Марк Аврелий сыяктуу улуу өкүлдөрүн жараткан философиялык жоболордун бириктирилиши болуп саналат.






Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine