Потенциометр

Википедия дан

Потенциометр (латынча potentia – күч жана ...метр) – электр кыймылдаткыч күчүн (ЭКК), чыңалууну же алар менен функциялык байланыштагы чоңдуктарды толуктоо (компенсация) ыкмасы менен өлчөөчү курал. Турактуу жана өзгөрмө токтордун потенциометри болот. Турактуу токтук потенциометрде өлчөнүүчү чоңдук нормалдуу элементтин ЭКК менен салыштырылат. Өзгөрмө токтун потенциометринде өлчөнүүчү чыңалуу өлчөмү жана фазасы белгилүү жөндөлмө чыңалуу менен тең салмакка келтирилет. Потенциометр менен өлчөөдө тактык турактуу токто 0,01–0,001%ке чейин, өзгөрмө токто 0,1%ке чейин болот. Потенциометрдин жогорку жана аз каршылыктуу түрлөрү бар (-10000 Ом жана -10 Ом).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]