Потенциометрия

Википедия дан

Потенциометрия – электроддук потенциал – E эритмедеги электр- химиялык реакцияга катышуучу иондор концентрациясына жараша өзгөрүүсүн өлчөөгө негизделген электр-хим. метод. Мындай көз карандылык Нернст төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн теңдемеси менен туюнтулат:

0,058

ЕМе0/Ме+n = Е0Ме0/Ме+n + ——— lg [Me +n] n

Мында Е0 – стандарттык потенциал, n – реакцияга катышуучу электрон саны: 0,058 – турактуу сан; С - же [ Me +n] иондор конц-сы. П. изилденүүчү эритмеге матырылган индикатордук жана стандарттык электроддон турган гальваникалык элемент түзүлүп, анын электр кыймылдаткыч күчү өлчөнөт. Ал эки электрод потенциалынын айырмасына барабар. Стандарттык электрод потенциалы турактуу чоңдук, ал эми индикатордук электроддун потенциалы аныкталуучу иондор конц-сына түз пропорционалдуу. Ошондуктан, анализденүүчү эритмедеги иондор конц-сы гальваникалык элементтеги индикатордук электрод потенциалы боюнча аныкталат. П. индикатордук электрод катарында айнек мембраналуу, хингидрон, платина жана ион тандалма, суутектик электроддор колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]