Потёмкин, Владимир Петрович

Википедия дан

Потёмкин, Владимир Петрович (7 (19). 10. 1874 - 23. 2. 1946, Москва) - советтик мамлекеттик жана парт, ишмер. тарыхчы, дипломат.

  • СССР ИАнын жана РСФСР ПИАнын (1943) анык мүчөсү.
  • 1919-жылдан КПСС мүчөсү.
  • Дарыгердин үй-бүлөсүнөн. Москва университетин бүтүргөн (1898).
  • 1900-19-ж. эл агартуу жагында иштеген.
  • Жарандык согуштун катышуучусу.
  • 1922-40-ж. дипл. кызматта; СССР дин Греция (1929-32), Италия (1932-34), Франциядагы (1934- 37) полномочиелүү өкүлү.
  • 1937-40-ж. СССРтышкы иштер эл комиссарынын биринчи орун басары.
  • 1940- 46-ж. РСФСРдин агартуу эл комиссары.
  • Потёмкиндин илимий эмгектери Франция менен Англиядагы жумушчу кыймыл жана эл аралык мамиле маселелерине арналган.
  • 3 томдук «Дипломатия тарыхы» китебинин башкы редактору жана авторлорунан.
  • 1939-жылдан КПСС БКнын, 1935-жылдан СССР БАКтын мүчөсү.
  • СССР Жогорку Советине (1-2- шайл.) депутат.
  • СССР мамлекеттик сыйлыгы (1942, 1946) лауреаты.
  • Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.