Поцелуевский Александр Петрович

Википедия дан

Поцелуевский Александр Петрович (26. 5. 1894, Латвия, Краслав району, Букмуйжа кыштагы – 6. 10. 1948, Ашхабад) – советтик окумуштуу, түрколог, Түркмөн ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1943). Лазарев чыгыш тилдер институтун бүткөн (1918). Ашхабад педагогикалык институтунда профессор (1933–48) болуп эмгектенген. Ал түркмөн тил таануу мектебин түзгөн жана түркмөн тилине илимий сыпаттама берген. Илимий эмгектери түрк тилдеринин грамматикасына жана түркмөн адабиятына арналган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Эмгектери: Фонетика туркменского языка. Ашхабад, 1936; Диалекты туркменского языка. Ашхабад, 1936; Основы синтаксиса туркменского литературного языка. Ашхабад, 1943.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]