Поэтикалык эркиндик

Википедия дан

Поэтикалык эркиндик.

Байыркы мезгилде ыр жазууда грамматикалык эрежелерден, кабыл алынган жол-жоболордон четтеп кетүүнү эркиндик, же боштондук деп аташчу экен. Андай учурда сөздүн айрым муундары түшүп калышы, же басымдын туура эмес коюлушу мүмкүн экен. Азыркы мезгилде поэтикалык эркиндик же боштондук сөздөрдүн, ыр саптарынын татаал айкалышында, тизмектешинде, маани жагынан күтүүсүздөй колдонулушунда кездешет. Маселен, А. Осмоновдун төмөнкү ыр саптары:

  • Ичем вино, ичем ичким келгенде,
  • Адалдыкты арамдыгым жеңгенде!
  • Мен жогортон башка ырымда айткандай:
  • Экөөнүн тең тамырлары тереңде.
  • Бирок: Арамдыкы бир, Адалдыкы миң!

Бул ыр саптарында редиф сөздүн аягында, башында ыр түрмөктөрүн уюштуруп, тукумдаштырып жатат. Болгондо да ыр сабынын башынан келген уйкаштыктан кийин, ыр сабынын ортосуна келген уйкаштыктан мурун, ошондой эле ыр сабынын эң аягында келген редифтер, мындайча айтканда, өзүнчө эле редифтик конструкция жаратат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004