Поярков, Владимир Эрастович

Википедия дан

Поярков, Владимир Эрастович (1906, Франция, Бордо ш. – 1974, Алмата ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1968), профессор (1973), Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1952). Орто Азия мамлекеттик ун-тинин геология факультетин бүткөн. СССР ИА Тажик-Памир экспедициясында, Өзбек филиалында окумуштуу катчы, «Орто Азия түстүү металл чалгындоо» трестинде башкы геолог, Кыргыз ССР геол. башкармалыгында башкы геолог, Казакстан минералдык чийки заттар ин-тунда бөлүм башчы болуп иштеген. Практикалык ж-а илимий иштеринин негизги багыты: сымап, сурьма кендерин издөө ж-а чалгындоо. Сымап, сурьма кендерин ачкандыгы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]