Прага метросу

Википедия дан
Прага метросунун схемасы. 2015.

Прага метросу (чехче: Metro v Praze) – Борбордук Европадагы Чехия жумуриятынын ордо шаары Прагадагы метро унаа системасы.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Прага шаарындагы метро (чехче - Metro v Praze) күн сайын 1,5 миллиондой жүргүнчүнү тейлеп турат.

Анын алгачкы бекеттери 1974-жылы 9-майда ачылган.

Учурда бул метронун үч багыты бар (латынча A,B,C). А багытын жашыл түс менен, Б (B) багытын сары түс менен, Ц (C) багытын кызыл түс менен белгилешет.

Болочокто көк түс менен белгилене турган Д (D) багыты курулмакчы.

Долбоорлор жана курулуш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ладислав Ротт (Ladislav Rott) даярдаган метро куруу долбоору. 1898-жыл.

Прага шаарында метро куруу тууралуу алгачкы ойду айтып, 1898-жылы долбоорун сунуштаган – Прага шаарында жашаган соодагер Ладислав Ротт (Ladislav Rott) мырза болгон.

Экинчи дүйнөлүк согушка чейин да Чехословакия бийлиги Прагада метро куруу маселесин козгогон. Маселен, 1926-жылы инженерлер Владимир Лист (Vladimír List) менен Богумил Белада (Bohumil Belada) «Праганын жер астында жайгашчу тез темир жолу» долбоорун сунушташкан. 1931-жылы дагы бир метро долбоору даярдалган. 1960-жылдарда метро долбоорлоо жана куруу иши жандана баштайт. Алгачкы максат –метронун алгачкы тилкесин 1970-жылы ишке берүү болсо да, иш жүзүндө бул окуя 1974-жылга туура келди.

Ц (C) «кызыл» багыты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ц (C) «кызыл» багытынын алгачкы тилкесинин ачылыш аземи 1974-жылы 9-майда саат 9да ошол кездеги ЧССР Коммунисттик партиясынын лидери Густав Гусактын катышуусу астында болду. Демек, алгач А багытынын эмес, Ц багытынын тилкеси иштей баштаган.

Ц (C) багытындагы “Ладви” метро бекети (Stanice metra Ládví) Чехиянын ордо шаардын Прага-8 бөлүгүндөгү Кобылисы ооданында жайгашкан.

“Ладви” метро бекети 2004-жылы июнда расмий ачылган. Кийинчерээк (2008-жылдын май айында) бул Ц (C) метро багыты “Летняны” бекетине чейин узартылган. Ага чейин “Ладви” бекети “С” багытынын түндүк-батыштагы эң соңку бекети болуп турган. Азыркы тапта да “С” багытынын шаардын түштүк-чыгышынан чыккан кээ бир поюздары “Ладви” метро бекетине чейин эле жүрөт.

Прага метросунун Кобылисы (Kobylisy) бекети шаардагы тегерек шекилде курулган алгачкы метро бекети болуп калды. 2004-жыл.

2012-жылга карата Ц (C) - «кызыл» багыты 20 бекеттен турат жана анын узундугу дээрлик 22,7 чакырымды кучагына алат. Бул багытты поюз 36 мүнөттө басып өтөт.

А «жашыл» багыты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Прага метросунун А багытын куруу иши 1973-жылы башталган. Бул «жашыл» багыттын алгачкы тилкеси 1978-жылы 12-августта ишке киргизилген. 2014-жылга чейин А багыты Дейвицка бекетинен (бул бекет коммунисттик доордо Лениново деп аталган) түштүккө карай узартылып, Червены Вырх, Велеславин, Петржины, Мотол деген жаңы бекеттер ачылмакчы. 2012-жылга карата А багыты 13 бекеттен турат жана 10,9 чакырымды кучагына алат.

Б (B) “сары” багыты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Прага метросунун Б (B) багытынын «Республика аянты” (Náměstí Republiky) бекетинен бир көрүнүш.

Прага метросунун үчүнчү болуп ишке кирген Б (B) багытынын курулушу 1979-жылы башталган. Бул «сары» багыттын алгачкы тилкеси 1985-жылы 2-ноябрда ишке киргизилген. Ал анда болгону Смихов темир жол бекети менен Флоренц автобус бекетин туташтырган.

Ушул тапта бул багыт 24 бекеттен турат жана узундугу 25,6 чакырымга жетет. Анын башынан аягына чейин 41 мүнөттө жетүүгө болот.

Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]