Прагматизм

Wikipedia дан

Прагматизм (грекче pragma, pragmotos – иш, аракет) – субъективдүү идеалисттик философиялык окуу. Чындыкты идеалисттик эмпиризм багытында «тажрыйба» менен бирдей деп карап, «аң-сезимдин агымы» катары түшүндүргөн. Прагматизмдин көз карашынан алганда, таанымдын объектилери аң-сезимге көз карандысыз жашай албайт, алар практикалык милдеттерди чечүү учурунда таанып-билүү аракети аркылуу калыптанат. Ойлом – организмдин ийгиликтүү аракети үчүн ошол чөйрөгө ылайыкташуунун каражаты; түшүнүк менен теориялар ага жетүүнүн ыкмалары гана; прагматизмде акыйкат объективдүү реалдуулуктун чагылышы катары эмес, индивиддин субъективдүү мүдөөлөрүн канааттандыруучу практиканын натыйжасы катары түшүндүрүлөт. 19-кылымдын 70-жылдарында АКШда пайда болгон; негизги идеялары Ч. Пирске таандык, доктринасын У. Жемс, Ж. Дьюи, Ж. Г. Мид иштеп чыгышкан. Прагматизмдин Улуу Британияда (Ф. К. С. Шиллер) ж. б. өлкөлөрдө жактоочулары болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]