Пранк

Википедия дан

Пранк (англ. prank ) – англис тилиндеги «prank» сөзүнөн алынган. «Тентектик, тамаша, шакаба» дегенди түшүндүрөт. Телефон аркылуу тамашага салууну пранк деп аташат. Тамашага салгандарды пранкер деп коюшат. Муну менен олуттуу түрдө алек болгондор бар. Маселен, пранкерлер өзүн ар кандай кылып атап алышкан: хард (телефон менен тамашага салып, адамды сөгүнгөнгө чейин жеткирүү), радиопранк (радио станциялардын телефон номерлерине чалып, алып баруучуларды тамашага салуу) деген сындуу.