Предикаттын квантификациясы

Википедия дан

Предикаттын квантификациясы – салттуу (Аристотелдик) классикалык логикада «баары» жана «айрымдары» деген сөздөрдүн жардамы аркасында ойлордун предикатынын көлөмүн тактаган операция. Бул операция «болуп эсептелет» байламтасын ойломдун талданып жаткан субъект менен предикаттын көлөмдөрүнүн ортосундагы тең маанилештик мамилесин чагылдырган сөз катары чечмелейт.

Предикаттын квантификациясы ырастоочу ойломдорго карата гана колдонулат. Предикаттын квантификациясынын идеялары Пор-Роялдын логикасында, Лейбництин «Funda-menta Calculi Racionatoris” деген эмгегинде жана 18-кылымдагы немец логики Плукенин чыгармаларында кездешет.

Логикалык анализдин баштапкы жана негизги пункту катары предикаттын квантификациясы Ламберт, андан соң жана ага көз каранды болбой туруп англиялык ботаник Дж. Бентам жана Гамильтон тарабынан ойломдун Субъектисин гана квантификациялаган Аристотелдин силлогистикасын жалпылоо максатында колдонулган. Предикатты квантификациялоонун натыйжасында жалпы ырастоочу ойломдор төмөнкүдөй эки түргө бөлүнөт: «Баардык Х тер маңызы боюнча Ү болуп саналат» жана «Баардык Хтердин маңызы айрым Ү терге гана туура келет»; жеке ырастоочу ойломдордун да эки формасы бар:
1) «Айрым Х тердин маңызы баардык Ү терге туура келет»
2) «Айрым Х тердин маңызы айрым Ү терге туура келет». Ушуга ылайык категориялык силлогизмдин туура модустарынын саны өсөт.
Мисалы, Barbara модусу төмөнкүдөй 4 формага ээ:

Х тердин баарынын маңызы баардык Ү терге туура келет
Z тердин баарынын маңызы баардык Ү терге туура келет
____________________________________
Z тердин баарынын маңызы баардык Ү терге туура келет
Х тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет
Z тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет
____________________________________
Z тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет
Х тердин баарынын маңызы баардык Ү терге туура келет
Z тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет
____________________________________
Z тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет
Х тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет
Z тердин баарынын маңызы баардык Ү терге туура келет
____________________________________
Z тердин баарынын маңызы айрым Ү терге туура келет

Ойломдордун квантификацияланган формаларына карата Аристотелдин силлогистикасын колдонууда мисалы, ойломдордун өзгөрүү эрежелери бир кыйла жөнөкөйлөшөт: квантификацияланган ойломдордун баардыгы чексиз түрдө өзгөрө берүүгө жол берет. Предикаттардын квантификациясын илимге киргизген окумуштуулар ойломдорду барабардыктарга окшоштуруп чечмелөө аркылуу элементардык алгебрадагы ыкмаларды элестеткен эрежелер боюнча логикалык операцияларды жүргүзүүнү көздөшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]