Предмет боюнча окуу-усулдук топтом

Википедия дан

Предмет боюнча окуу-усулдук топтом (комплекс)– негизинен окуучу үчүн арналып түзүлөт.

Ал ар бир класс үчүн да, ар бир окуу предмети б-ча да жазылат. Топтомдун максаты окуучуну жалгыз окуу китеп м-н чектебөө, анын окуу ишкердүүлүктөрүнүн ар тарабынан өсүүсүн, калыптануусун камсыз кылуу, өз алдынча ишкер аракеттенүүлөрүн уюштуруу. Демек, аталган топтом өзүнө бир канча окуу куралдарын камтып турат. Предмет б-ча окуу-усулдук топтомдун типтери, түрлөрү ж-дө окумуштуулардын (Д. Д. Зуев, И. А. Ерофеев, В. П. Мак-саковский, С. Г. Шапавалененко, Н. М. Шахмаев, Я. А. Микк, К. Я. Сакс ж. б.) пикирлери бирин бири толуктап турат.

Предмет б-ча топтом төмөндөгүдөй окуу куралдарынын типтүү тутумунан турат ж-а окуучулардын окуу мотивациясын, кызыкчылыктарын тереңдетип, окуу маалыматтардын мол ж-а терең болушуна шарт түзөт, алардын өз алдынча иштөөгө болгон машыгууларын ар тараптуу өнүктүрөт. Мис., окуу китеби (негизги маалыматты берүүчү); жумушчу дептери (өз алдынча иштөөсүн уюштуруу ж-а башкаруу); таратып берүүчү материалдар (окуучунун билгичтиктерин ж-а машыгууларын калыптандыруучу, жеке иштөөсүнө багыт берүүчү); кошумча материалдардын жыйнагы (окуу ишкердүүлүктөрүн арттыруу, окууну турмуш м-н бай ланыштыруу); маалымат бергичтер (окуу материалдарын ар тараптан байытуучу ж-а кайталап үйрөтүүгө багыттоочу); текшерүү жумуштарынын топтомдору (үйрөнгөндөрүн ж-а машыгууларын текшерүү максатында); таблицалар (билимдерин, билгичтиктерин конкреттештирүүчү аудиовидео материалдар (окуу китепке кошумча фактылар катары колдонуу үчүн); окуу сөздүктөрү; көнүгүү топтомдору; маселелер жыйнактары ж. б. Бул топтомго кирген ар бир окуу куралдарынын сабактагы дидактикалык кызматы, орду ж-а аны колдонуу максаты, ыгы бар. Предмет б-ча окуу топтому окуучуга арналып түзүлгөндүктөн, алар ар бир окуучуга жеткиликтүү санда чыгарылышы максатка ылайыктуу ж-а алар класс каанасында же мектеп китепканасында сакталышы мүмкүн. Учурда кыргыз мектептери үчүн «Алиппе», «Кыргыз тили», «Математика», «Мекен таануу», «Орус тили», «Орус адабияты» предметтери б-ча жогоруда аталгандай топтомдор бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6