Прелюдия
Прелюдия, прелюд (латынча praeludo – алдында, мурда ойнойм) – музыкалык аспаптык пьеса; көбүнчө жеке ойнолот. Алгач импровизациялык мүнөздө 15-кылымдан лютняда, клавесинде жана органда аткарылган. 18-кылымдан прелюдия эркин ойнолуучу өзүнчө пьеса түрүндө кыл аспапта аткарылган. И. Бах атайын орган үчүн пьесаларды жазган. Ал турсун түрмөктөрдөн турган сюита, прелюдия-фуга да жараткан. 19–20-кылымда Ф. Шопен, С. Рахманинов, Д. Шостакович ж. б. композиторлор прелюдияларды жазышкан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9