Пресс

Википедия дан

Пресс (латынча presso – басам, кысам) – материалдарды басым менен ныктап тыгыздоочу статикалык (согуусуз) аракеттүү машина. Пресс негизги бөлүктөрдөн – жылгычтан (траверс), жылгычты багыттагыч жана стол орнотулган станинадан, кыймылга келтиргичтен, башкаруу механизмдеринен, механикалаштыруу жана автоматташтыруу каражаттарынан, аспаптан турат. Прессте аспаптын кыймылдуу бөлүгү алга-артка кыймылдоочу жылгычка, ал эми аспаптын кыймылсыз бөлүгү пресстин станинасына бекитилет. Пресстер кыймыл бергичтери боюнча гидравликалык, механикалык (кривошиптүү, бурамалуу, фрикциялуу, гидромеханикалык), арнлышына жараша жылчыгы вертикаль (штамптоо үчүн) жана горизонталь (пресстөө үчүн) жыла турган болуп бөлүнөт. Пресс өндүрүштүн ар кандай тармактарында металлдарды, пласт массаны, резинаны, айыл чарбада продуктуларды ж. б. материалдарды жогорку басымда ныктап тыгыздоо үчүн колдонулат. Пресс металл иштетүү өндүрүшүндө металлдарды согуп иштетүүдө, көлөмдүү жана такталуу штамптоодо, пресстөөдө, тиштүү дөңгөлөктөрдү, подшипник шакектерин пресстеп кураштырууда ж. б. процесстерде кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]