Преференциялар
Көрүнүш
Преференциялар (лат. praeferre – артык көрүү) – КР бажы мыйзамдары боюнча айрым мамлекеттерге, ишканаларга, уюмдарга ишмердиктин белгилүү түрлөрүн колдоо үчүн берилген артыкчылыктар, жеңилдиктер; салыктарды төмөндөтүү, бажы жыйымдары боюнча жеңилдиктерди берүү, төлөмдөрдөн бошотуу тариздеринде ишке ашырылат. Мамлекеттер аралык мамилелерде П. өзара жана бир тараптуу тартипте да берилет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7