Пригожин теоремасы
Көрүнүш
Пригожин теоремасы – И.Пригожин далилдеген (1947-ж.) теңсалмактуу эмес процесстердин термодинамикасынын теоремасы; теоремага ылайык, системанын туруктуу абалына минимум энтропия өндүрүү туура келет.
Тоскоолдуктар болбогодо энтропия өндүрүү өзүнүн абсолюттук минимумуна – нөлгө жетет.
Реалдуу система үчүн Пригожин теоремасы болжолдуу туура, ошондуктан туруктуу абал үчүн энтропия өндүрүүнүн минимуму теңсалмактуу абал үчүн энтропиянын максимуму сыяктуу жалпы принцип боло албайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0