Призма

Wikipedia дан

Призма – эки граны параллель тегиздиктерде жаткан барабар көп (п) бурчтук,ал эми калган п граны параллелограмм болгон көп грандык. Эки п бурчтук призманын негиздери, параллелограммдары анын каптал грандары, каптал гранынын жана негизинин жагы призманын кыры, кырларынын бириккен учу призманын чокусу деп аталат. Каптал грандары биригип призманын каптал бетин, ал эми бардык грандары биригип, призманын толук бетин түзөт. Жогорку негизинин чекитинен төмөнкү негизинин тегиздигине түшүрүлгөн перпендикуляр призманын бийиктиги, бир гранга тиешеси жок эки чокусун туташтырган кесинди призманын диагоналы деп аталат. Бир гранга тиешеси жок эки каптал кыры аркылуу өткөн тегиздиктин кесилиши призманын диагоналдык кесилиши, каптал кырларына перпендикуляр болгон тегиздиктин кесилиши призманын перпендикуляр кесилиши деп аталат. Каптал кырынын тегиздиги негизинин тегиздигине перпендикуляр болгон призма тик призма деп аталат. Негизи туура көп бурчтук болгон тик призма туура призма деп аталат. Призманын грандарынын аянттарынын суммасы анын толук бетинин аянтын, призманын каптал грандарынын аянттарынын суммасы анын каптал бетинин аянтын берет, ал SKa=P-h, мында Р – негизинин ал Sкап=Рh, мында Р−негизинин периметри, h− призманын бийиктиги призманын көлөмү анын негизинин аянтын бийиктигине көбөйткөн көбөйтүндүсүнө, б.а. V=Sнег.h барабар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]