Приключениялык жанр

Википедия дан

Приключениялык жанр, приключениялык адабият – борбордун багытында курч сюжеттер, жеке каармандын жана жалпы коомдун чыңалган конфликттери турган, окурмандын көңүлүн кызыктуу окуялардын, кырдаалдардын алмашууларына тарткан прозалык чыгармалар.

Авантюралык, детективдик, илимий-фантастикалык, фантастикалык чыгармаларга жакын. Приключениялык адабиятта жанрлардын элементтери бири-бирине кошулуп, биригип да кеткен. Мындай чыгармаларга кыймыл-аракеттин ыкчамдыгы, кызыктуулугу, сюжетте күтүлбөгөн окуялардын, көрүнүштөрдүн тез-тез пайда болуп турушу, табышмактуу жана сырдуу баяндоо, каармандардын аракеттеринин тездиги, тапкычтыгы, окуялардын бат алмашышы, көбүнчө ойдон чыгарылган нерселердин сүрөттөлүшү, анализдөөнүн жоктугу мүнөздүү (мис., Д. Дефо “Робинзон Крузо”, А. Дюма “Үч мушкетёр” ж. б.) Кандайдыр бир деңгээлде мындай өзгөчөлүктөр К. Жантөшевдин “Каныбек” романына да мүнөздүү көрүнүштөрдөн болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3