Притча

Википедия дан

Притча – адабияттагы дидактикалык-аллегориялык жанр. Эки мааниде колдонулат: 1) каймана мааниде – акыл-насаат айтуу үчүн жазылган чакан аңгемелер. Алар тамсилге жакын, бирок тамсилдегидей салттык каармандары (эшек – жоош, момун иштерман, түлкү – куу, карышкыр – ач көз, жегич ж. б.) жок. Притчада көбүнчө атайын белгилүү бир мүнөз түзүлбөйт, болуп өткөн окуянын конкреттүү орду жана мезгили белгисиз, окуя да өнүгүү менен көрсөтүлбөйт, темасы узак сүрөттөлбөйт, жөн гана адеп-ахлак маселелери баяндалат. Диний, ошондой эле адеп-ахлактык аңгеме катары притча Чыгыш адабиятына, анын ичинде кыргыз адабиятына кеңири таралган; 2) 19-кылымдан притча дагы жаңы мааниде колдонула баштады. Жазуучулар коомдук турмуш маселелерин козгоп, инсандык жүрүш-турушу боюнча түздөн-түз насаат айтууга өттү. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинде мүйүздүү Бугу эне тууралуу притча бар, ал бизди жана повесттин каармандарын ак ниеттүүлүк жана кара өзгөйлүк жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Кыргыз адабиятында М. Гапаровдун, А. Стамовдун прозалык чыгармаларында, Б. Жакиевдин «Саадак какты» драмасында притчанын белгилери орун алган. Притчаны тар алкакка кысып, өзгөчө бир тема же жанр катары түшүнүү керек эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]