Прицак Омельян Иосифович

Википедия дан

Прицак Омельян Иосифович (украинча: Омелян Йосипович Пріцак) белгилүү чыгыштаануучу, тарыхчы. Орто кылымдардагы түрк уруулары, уруулук бирикмелери (печенек, хазарлар, кыпчактар) жана алардын Киев Русу менен алакаларын ж.б. маселелер боюнча изилдеген. 1919-ж. 7-апрелинде Украинанын Львов областынын Самбор районуна караштуу Лука деген жеринде туулган, 2006-ж. 29-майында АКШнын Массачусетс шатынындагы Бостон шаарында дүйнөдөн кайткан. Тарыхчы, чыгыштаануучу, Гарвард университетинин эмеритус-профессору, Гарвард университетиндеги Украинистика институтунун негиздөөчүсү жана биринчи директору (1973—1989). (англ. Harvard Ukrainian Research Institute), Украина Улуттук академиясынын сырттагы анык мүчөсү, Украина УИАсынын алдындагы А.Крымской атындагы Чыгыштаануу институтунун негиздөөчүсү жана биринчи директору (1991—1998) болуп эмгектенген. А.Крымскийдин окуучусу Прицак Омельян Иосифович Киев Русунун тарыхын чагылдырган чыгыш булактары боюнча ири адис катары белгилүү болгон. Мындан сырткары, хазар, печенек, кыпчактардын тарыхы боюнча да бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Чыгыш булактарын, анын ичинде түрктөр боюнча тарыхый булактарды мыкты өздөштүрүп билген окумуштуу болгон. Автордун эь ири эмгектеринин бири 5 томдук «Походження Русі», англ. «The Origin of Rus») деп аталып, анан биринчи тому 1981-ж. жарыкка чыккан. Киев Русунун тарыхы «Норман теориясы» менен байланыштырылып, Киевдин же Киев (Киев Русу) мамлекетинин негиздөөчүлөрү хазарлар деген тыянакка келген. Анын изилдөө усулу тарыхый жана филологиялык жогорку эрудициясы менен белгилүү. Изилдөөчүнүн түз айткан илимий тыянактары жалпы кабыл алынган тарыхый көз караштар менен дал келгендиги менен айрымаланат.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The origins of the Old Rus' weights and monetary systems: Two studies in Western Eurasian metrology and numismatics in the seventh to eleventh centuries. Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1998.
  2. From Kievan Rus' to modern Ukraine: Formation of the Ukrainian nation (with Mykhailo Hrushevski and John Stephen Reshetar). Cambridge, Mass.: Ukrainian Studies Fund, Harvard University, 1984.
  3. Khazarian Hebrew documents of the tenth century. (with Golb, Norman Ithaca: Cornell University Press, 1982.
  4. "The Polovcians and Rus'" (Journal Article in Archivum Eurasiae medii aevi), 1982.
  5. The origin of Rus'. Cambridge, Mass.: Distributed by Harvard University Press for the Harvard Ukrainian Research Institute, 1981.
  6. Studies in medieval Eurasian history London: Variorum Reprints, 1981.
  7. On the writing of history in Kievan Rus. Cambridge, Mass.: Ukrainian Studies Fund, Harvard University, 1980.
  8. The Khazar Kingdom's Conversion to Judaism. (Journal Article in Harvard Ukrainian studies, 1978)
  9. The Pechenegs: A Case of Social and Economic Transformation (Journal Article in Archivum Eurasiae medii aevi), 1975
  10. Two Migratory Movements in the Eurasian Steppe in the 9th-11th Centuries. (Conference Paper in Proceedings : Proceedings of the 26th International Congress of Orientalists, New Delhi 1964, Vol. 2)
  11. The Decline of the Empire of the Oghuz Yabghu (Journal Article in Annals of the Ukrainian Academy of Arts and Sciences in the United States), 1952.
  12. Пріцак, Омелян. Походження Русі. Стародавні скандинавські джерела (крім ісландських саг). – Т.І. – К.: Обереги, 1997. – 1080 с.
  13. Пріцак, Омелян Походження Русі. Стародавні скандинавські саги і Стара Скандинавія. – Т. II. - К.: Обереги, 2003 – 1304 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015