Приянка Чопра

Википедия дан

Приянка Чопра (англ. Priyanka Chopra, айтылышы: [prɪˈjaːŋkaː ˈtʃoːpɽaː]; 1982-жылы 18-июль) – индиялык актриса, ырчы, кинорежиссер, филантроп жана "Дүйнө сулуусу - 2000" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү. Чопра Индиядагы көп маяна ала турган эң популярдуу жылдызы. Ал көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: Улуттук киносыйлыгы жана беш Filmfare Awards сыйлыктары. 2016-жылы Индиянын өкмөтү актрисага төртүнчү даражадагы Padma Shri жарандык сыйлыгын ыйгарган жана Time журналы актрисаны "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 инсан" тизмесине кошкон.

Чопра башынан авиациялык техника же кылмыштуу психологияны окууга умтулган бирок кийин, конкурстарда биринчи орундарды ээлегенинен улам ага Индиянын тасма өнөр жайынан чакыруулар келип, Чопра аларды кабыл алган, ошону менен ал биринчи жолу Болливудтун "Каарман: Тыңчынын сүйүү окуясы" (англ. The Hero: Love Story of a Spy, 2003) тасмасында роль аткарган. Чопра "Сапар" (хинд. Andaaz, 2003) жана "Сунуш" (хинд. Mujhse Shaadi Karogi, 2004) сыяктуу популярдуу тасмаларда башкы ролду аткарган, ал эми "Каршы чыгуу" (хинд. Aitraaz) тасмада роль аткарганы үчүн актриса киносынчылар тарабынан жогору бааланып, атактуулукка жеткен. 2006-жылы Чопра "Крриш" (хинд. Krrish) жана "Дон" (хинд. Don) тасмаларда башкы роль аткарып, Индия киноиндустриясынын алдыңкы пландагы актрисасы катары өзүн көрсөтө билген.

Бир ийгиликсиз ролдон кийин актриса "Мода" (англ. Fashion, 2008) тасмада койгөйлөрдү туудурган бир модельдин ролун аткарып, Filmfare жана Улуттук киносыйлыктын "Эң мыкты актриса" номинациясына татыган. Кийин Чопра "Митаам" (хинд. Kaminey, 2009), "Кечирилген жети күнөө" (хинд. 7 Khoon Maaf, 2011), "Барфи!" (хинд. Barfi! 2012), "Мэри Ком" (хинд. Mary Kom, 2014), "Сого бер, жүрөк" (хинд. Dil Dhadakne Do, 2015) жана "Бажирао менен Мастани" (хинд. Bajirao Mastani, 2015) сыяктуу тасмаларда ар түрдүү каармандардын ролун аткарганы менен кеңири таанымал боло баштаган. 2015-жылы Чопра ABC телеканалынагы "Куантико" (англ. Quantico) триллер жанрындагы телесериалда Алекс Пэрриштин ролун аткарып, америкалык телевизиондук тармагына чыккан биринчи түштүк азиялык актрисасы болгон.

Актриса чыгармачылык ишинен тышкары соопчулук иштерге да катышат. Акыркы он жыл актриса ЮНИСЕФ уюму менен бирге иштеп, уюмдун балдардын укугун коргоо боюнча фондунун улуттук (2010) жана дүйнөлүк (2016) өкүлү болгон. Актриса айлана-чөйрө, ден соолук, билим берүү, аялдардын укугун коргоо, жыныстык теңдик жана феминизм сыяктуу кыймылдардын өнүгүүсүнө жардам берет. Чопранын жеке турмушу жөнүндөгү маалыматтар ММКда жыш пайда болот. Үн жазуучу артист болгонунан улам, Чопра үч сингл жаздырып чыгарган. Ошондой эле, Чопра, киносынчылар тарабынан жогору бааланган, маратхи тилиндеги "Вентилятор" (англ. Ventilator, 2016) аталышындагы күлкүлүү окуялуу тасманы чыгарган Purple Pebble Pictures продюсердик компаниянын негиздөөчүсү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]