Провиденциализм

Википедия дан

Провиденциализм (лат. providentia – алдын ала аныктоо, жазмыш) – бул христианчылыктагы тарыхтын философиясы.

Диний окууда тарыхый процесстер адамдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасы эмес, адамдын жанын күнөөдөн куткаруу үчүн Кудай тарабынан алдын ала аныкталып коюлган план катары каралат. Христиандык окуудагы тарых концепциясынын негизинде адамдын Кудай менен туруктуу жана зарыл түрдөгү байланышы тууралуу түшүнүктөр жатат. Адам Кудай тарабынан жаратылган, Иисус Христос тарабынан куткарылган жана кереметтүү тагдырга буюрулган жандык катары каралат. Натыйжада тарых процесстери адам менен Кудайдын ортосундагы күнөөдөн куткаруучу, күнөөнү кечүүчү, сыноочу жана жазалоочу мүнөзүндөгү мамилелерди чагылдырат.

Мындай түшүндүрмөлөрдүн чегинде тарых процесстери төмөнкүдөй эки ченемге ээ болот:

  1. Горизонталдык ченем тарыхый процессти адамдардын ишмердүүлүгү, алардын бийлик, турмуш-тиричиликти жакшыртуу ж. б. үчүн болгон күрөшү сыяктуу ички өнүгүүнүн көз карашында мүнөздөйт;
  2. Вертикалдык ченем тарыхый процесстерге Кудайдын тийгизген таасирин, анын тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүнө кийлигишүүсүн чагылдырат.

Дүйнөгө карата христиандык көз караш өз мүнөзү боюнча провиденциалдуу. Ага ылайык дүйнө өз алдынча эмес, Кудайдын буйругу, жазмышы боюнча өнүгөт. Кудайдын жазмышы бүткүл дүйнөгө үстөмдүк кылуу менен табигый жана коомдук процесстерге маани-маңыз ыйгарып, аларды кандайдыр бир максатка умтултат. Христиандык провиденциализм боюнча Кудайдын жазмышы адамдардын тагдырын да алдын ала аныктап, баардык окуялар менен фактыларга өз үстөмдүгүн орнотот. Адамдар пешенесине (маңдайга) жазылган тагдыр менен макул болуп, өз күнөөсүнөн арылуу менен Кудайдын ырайымсыз жазаларын алдын ала алышат. Провиденциализмдин чегинде түбөлүктүүлүк менен убакыт маселелери да чечилет. Убакыт материалдуу дүйнө менен бирдикте жаратылган жана табигый дүйнөнүн чегинде гана жашайт.

Кудай дүйнө менен убакыттан сырткары жашагандыктан, түбөлүктүү. Кудайда эч кандай «мурда», «кийин» деген жок. Кудай – бул түбөлүктүү учур чак, анда бүткүл убакыттар менен мезгилдер камтылган (Августин).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]