Программалоо

Википедия дан

Программалоокомпьютер программаларын түзүү процесси. Tap мааниде программалоо конкреттүү программалоо тилинде (көбүнчө мурда болгон алгоритм – коюлган милдетти чечүү планы, методу боюнча) программаларды жазуу. Ушул ишти аткаргандар программисттер, ал алгоритмди иштеп чыгуучулар алгоритмисттер, предметтик жагдайдагы адистер математиктер деп аталат. Кеңири мааниде программалоо деп программаларды түзүү жана аларды жумушчу абалда кармоо – ЭЭМди программалык камсыздоо менен байланышкан иштердин бүтүндөй спектри аталат. Муну «программалык инженерия» деп да аташат. Буга маселени талдоо жана коюу, программаларды долбоорлоо, алгоритмдерди түзүү, маалыматтар түзүмүн иштеп чыгуу, программалардын тексттерин жазуу, программаларды сыноо, документтештирүү ж. б. кирет. ЭЭМ үчүн программалоодо программалоо тилдери колдонулат. Программа түшүнүктүү болушу жана ЭЭМде аткарылышы үчүн атайын аспап – транслятор талап кылынат. Азыркы учурда иштеп чыгуунун интеграцияланган чөйрөсү активдүү колдонулат, ал өзүнүн курамына программалардын тексттерин чыгаруу жана редакциялоо үчүн редакторду, каталарды издөө жана табуу үчүн кызматкерди, программалоонун ар кандай тилдеринен трансляторду, бир нече модулдан программаны жана башка кызматчы модулдарды жыйноо үчүн компоновкалоочуну камтыйт.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Негизги өзгөчөлүктөрү КК-блоке программасын