Программалуу башкаруу системасы

Википедия дан

Программалуу башкаруу системасы - объектинин иштөө режимин, техникалык жабдуулар менен процесстерин алдыртан түзүлгөн программа боюнча башкарууда колдонула турган каражаттар менен ыкмалар комплекси.

Башкаруу схемасы жарым өткөргүчтү приборлордон түзүлөт. Башкаруу сигналы ээрчиме кыймылга келтиргичтер менен берилет. Азыркы кездеги Программалуу башкаруу системасында ээрчиме кыймылга келтиргичтин эки түрү - туюк тизмектүү (туруктуу токто) жана ажыратылма тизмектүү башкаруу түрлөрү колдонулат.

Программалуу башкаруу системасы эки негизги класска - координаталуу башкаруу жана контурдуу башкаруу системаларына бөлүнөт. Координаталуу Программалуу башкаруу системасында кыймылдын программаланбаган (алдын ала көрсөтүлбөгөн) траекториясы боюнча объект бир абалдан башка абалга которуп жылдырылат. Контурдуу башкаруу системасында объектинин бардык траекториясы алдын ала программаланат. Алгачкы цифралуу Программалуу башкаруу системасы жекече жана аз сериялуу өндүрүштө колдонулган. Азыр Программалуу башкаруу системасы сериялуу жана массалык өндүрүштө да колдонулууда. 1960-жылдарда ЭЭМ менен байланышкан «түздөн түз» Программалуу башкаруу системасы түзүлдү. Андан кийин өзгөрмө структуралуу кичине ЭЭМ менен байланыштырылган «циклдуу», анан цифралуу башкаруу системалары жасалды, бутундей автоматташтырылган башкарылма технол. участкалар иштеп чыгарылды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.