Продразвёрстка

Википедия дан

Продразвёрстка, азык-түлүк чачымы – айыл чарба азык-түлүгүн даярдоо системасы. Продразвёрстка боюнча дыйкандар жеке жана чарбалык керегинен (нормадан) ашык эгинин ж. б. азык-түлүгүн туруктуу баа менен мамлекетке өткөрүүгө милдеттүү экендиги белгиленген. Муну Совет мамлекети 1918–20-жылдары жарандык согуш мезгилинде колдонгон. 1918-жылы советтик Россиянын борбору негизги айыл чарба райондорунан ажырап, камдалган даны түгөнүп, шаардыктар менен жакыр элеттиктер ачкалыкка учураган. Совет өкмөтү күнүмдүк муктаждыкты канааттандыруу үчүн көбүнчө мамлекеттик эгин монополиясын үзгүлтүккө учуратууга, соода эркиндигин сактоого аракеттенген оокаттуу дыйкандардын ашык азык-түлүгүн эсепке алууга аргасыз болгон. Ошол шартта продразвёрстка эгин даярдоонун бирден-бир жолу эле. Продразвёрстка 1918-жылдан ирети менен жүргүзүлүп, советтик Россиянын бүт аймагында эгинге, 1920-жылы дээрлик бардык айыл чарба азык-түлүгүнө колдонулду. Продразвёрстка Кызыл Армияны, шаар эмгекчилерин азык-түлүк, өнөр жайды сырьё менен камсыз кылуу маселесин пландуу чечүүгө мүмкүндүк берди. Продразвёрстка «согуш коммунизми» системасынын маанилүү чараларынын бири болгон. Согуштан кийинки кырдаалга ылайык Совет өкмөтү жаңы экономикалык саясатка өткөндүктөн, РКП(б)нин 10-съездинин (1921, март) чечими боюнча продразвёрстка азык-түлүк салыгы менен алмашылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]