Проекциялык геометрия
Проекциялык геометрия – геометриянын проекциялык өзгөртүп түзүүдө, башкача айтканда проекциялоодо өзгөрбөс фигуралардын касиетин үйрөтүүчү бөлүмү. Проекциялык геометрияда окулуучу негизги объектилер – проекциялык мейкиндиктеги чекит, түз сызык жана тегиздиктер. проекциялык геометриянын түшүнүктөрүнүн мисалдары – 3 чекиттин колинеардуулугу, чекит жана түз сызыктын, чекит жана тегиздиктин, түз сызык жана тегиздиктин инциденттүүлүгү. Түгөйлөштүк принциби проекциялык геометрияда чоң мааниге ээ. Проекциялык геометрияны 17-кылымда франциялык математик Ж. Дезарг, Б. Паскалъ негиздеген. 19-кылымдын башында франциялык математик Ж. Понселе проекциялык геометрияны өзүнчө илим катары түзгөн. Проекциялык геометрияда франциялык математиктер Ж. Брианшон, М. Шаль, Я. Штейнер жана немис математиги К. Штаудттун салымдары да бар. Проекциялык геометриянын аналиталык багыты немис математиги А. Мёбиустун эмгектеринде каралган. Бул геометриянын өнүгүшүнө Н. И. Лобачевскийдин евклиддик эмес геометрия боюнча эмгектеринин маанилүү таасири тийген. Проекциялык геометрияга советтик илимпоздор A. Н. Колмогоров менен Л. С. Понтрягиндин эмгектери да арналган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9