Проекция мейкиндиги

Википедия дан

Проекция мейкиндиги - чексиз алыстаган чекиттер, түз сызыктар жана тегиздиктер менен толукталган евклид меикиндиги.

Ар бир түз сызык бир гана чексиз алыста жаткан чекит менен, ар бир тегиздик бир гана чексиз алыстаган түз сызык менен, ал эми бүткүл мейкиндик бир гана чексиз алыстаган тегиздик менен толукталат. Проекция мейкиндиги мененде параллель түз сызыктар параллель тегиздиктер болбойт, ошондуктан параллель түз сызыктар жалпы бир гана чексиз алыстаган чекит менен, параллель эмес түз сызыктар ар кандай чексиз алыстаган чекиттер менен, параллель тегиздиктер жаллы бир чексиз алыстаган түз сызык менен толукталат. Ар кандай түз сызык толукталган чексиз алыста жаткан чекиттер, чексиз алыста жаткан түз сызыкка, бардык чексиз алыста жаткан чекиттер жана түз сызыктар чексиз алыста жаткан тегиздикке таандык. Проекция мейкиндиги менен чекит, сызык жана тегиздиктердин көптүгү катары аксиомалык түрдө аныктоого болот Проекция мейкиндигинин элементтери жана чексиз алыстаган элементтери бирдей эле мааниде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.