Прокат станы (металлургияда)

Википедия дан

Прокат станы (металлургияда) – металлды ж. б. материалды айланма валдардын ортосуна кысып иштетүү жана кошумча ар кандай операцияларды аткаруучу машиналар (агрегат) системасы. Прокат станы складдагы алгачкы продукцияны ысытуучу мешке жана стан валына жеткирүү, прокаттоо процессинде прокатталуучу металлдарды бир жерден экинчи жерге жылдыруу, металл тактанын четин бүгүү, түздөө, бөлүктөргө бөлүү, белги салуу, түрүү, ороо, таңгактоо, даяр продукцияны складга өткөрүү ж. б. кошумча жумуштарды аткарат. Прокат станы арналышына жараша 5 негизги түргө бөлүнөт. Анын ар бир түрү өзүнчө бир нече типке ажыратылат: 1) кысуучу жана даярдоочу прокат станы (блюминг, слябинг, түтүк даярдагыч); 2) сорттуу (рельс устундуу, ири, орто жана майда сорттуу, зымдуу тетик даярдагыч); 3) калдыркан даярдагыч стан – ысык прокаттагыч (калың калдыркан, кең тилкелүү, жука калдыркан) жана муздак прокаттагыч (калдыркан, тасма прокаттагыч, фольгопрокаттагыч); 4) түтүк прокаттагыч; 5) атайын прокаттагыч (дөңгөлөк, шар, тиштүү дөңгөлөк прокаттагыч ж. б.). Даярдоочу өндүрүш же сорттуу прокат үчүн прокат станы валдын диаметри, түтүктөр үчүн тышкы диаметр менен мүнөздөлөт. Валдын санына жараша прокат станы 2, 3, 4 жана андан көп валдуу, айлануу багыты боюнча туруктуу жана кайтма кыймылдуу, клеттин жайгашуусу боюнча сызыктуу, үзгүлтүксүз жана жарым үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт. Прокат станынын металлды деформациялай турган жабдуусу негизги, ал эми башка операцияларды аткаруучулары жардамчы жабдуулар деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]