Пролетарийлер

Википедия дан

Пролетарийлер (латынча proles – укум-тукум дегенден) – 1) Байыркы Римде Сервий Туллийдин реформасы боюнча рим жамаатындагы беш тапка кирбеген жарандар. Пролетарийлер зарыл учурда аскерге чакырылган. Республика жана империя мезгилинде пролетарийлер таптык маанисин жоготкон коомдук катмар – люмпен-пролетарлар катары мамлекет менен байлардын эсебинен жашаган; 2) капиталисттик коомдо жалданма жумушчулар. СССРде жана башка социалисттик мамлекеттерде гегемон – коомдун жетекчи күчү катары жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]