Пролювий

Википедия дан

Пролювий (латынча proluo – агым менен агызам) – тоо тек сыныкчаларын, үбөлөндүсүн кыян агызып, тоо этегине чогултуудан пайда болгон борпоң чөкмө. Эңкейишке аккан түрдүү курамдагы тоо тек сыныкчалары конус формасындагы шилендини түзүп, пролювий шлейфин пайда кылат. Конустун бийик бөлүгү кесек (шагыл, галька), этек жагы майда бүртүкчөлүү (кум, чопо) материалдан турат. Негизинен кургакчыл аймактарда (шорлуу, такырлуу жерлерде) кездешет. Терминди орус геологу А. П. Павлов сунуш кылган (1914).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]