Пропилен

Википедия дан

Пропилен, пропен, СН3-СН=СН2 – СН3-СН=СН2 ― каныкпаган углеводород. Түссүз күйүүчү газ, б. эрүү t 185,25, кайноо t 47,70С. Өндүрүштө пропилен нефть фракциясын пиролиздөө жана пропанды жогорку температурада катализатордун таасири менен дегидрирлөөдөн алынат. Пропилен реакцияга жөндөмдүү бирикме. Ал негизинен кош байланышына кошуп алуу реакцияларына кирет. Жогорку температурада (500–600С) хлор менен орун алмашуу реакциясына кирип, хлордуу аллилди пайда кылат: СН2=СН – СН3 + Cl2  СН2=CH – СН2 Cl + HCl. Пропиленди AlCl3 түн катышуусунда полимерлөөдөн димер-изопрен, Н3РО4 менен тетрамер ж. б. катализаторлордун таасири астында полипропилен алынат. Пропилендин аммиак менен болгон аралашмасын кычкылдандыруудан акрилнитрил алынат. Катализатордун мүнөзүнө жана реакциянын шарттарына жараша пропиленден анын оксиди, акролеин, ацетальдегид ж. б. пайда болот. Химиялык өнөр жайда пропиленди кычкыл чөйрөдө гидратациялоодон изопропил спирти өндүрүлөт, пропилен менен бензолдон кумол (изопропил-бензол), аны кычкылдандыруу жолу менен ажыратуудан фенол жана ацетон алынат. Пропилен пластмассаларды, каучуктарды, кир кетирүүчү заттарды, мотор отундарын, эриткичтерди өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]