Пропозиция

Википедия дан

Пропозиция (лат propositio - логикада ой жүгүртүү, лингвистикада - сүйлөм, анг., франц. тилдеринде - proposition - айрым бир бүтүндүккө, биримдикке ээ болгон бирдик) – сүйлөмдүн жана сүйлөмдөн пайда болгон конструкциялардын модалдык жана коммуникативдик парадигмаларына мүнөздүү болгон жалпы семантикалык инвариант. Буга ойду аны айтуучунун кеп актысынан бөлүп кароо идеясы түрткү болгон.

Пропозиция түшүнүгүнүн көлөмү сүйлөмдүн, айтымдын же кептик актынын бөлүгү менен чектелген. Сүйлөм маанисинин чындыкка болгон мамилесин (модалдуулук), сүйлөмдүн субъективдүү жеке өзгөрмөлүү чындыгын ачууга, сүйлөөчүнүн айтып жаткандарга баасын, айтымдын коммуникативдик милдетин жана сүйлөөчүнүн айтылгандарга карата эмоционалдык мамилесин аныктоого кызмат кылат. Айтылган маанилерге карата Пропозиция корреляты болуп пропозиционалдык мамиле түшүнүгү эсептелет. Мис., Мен шаарда башаламакдык башталганын ырастайм (башталды деп ойлойм, башталаганын билем, башталганына шегим бар, башталганын жокко чыгарам). Мен шаарда башаламандык башталып кеткен жокпу деп сурап жатам ж.б. сүйлөмдөрдө сүйлөөчүнүн установкасы -ырастайм, -ойлойм, -билем, -сурап жатам ж.б. пропозиционалдык предикаттар аркылуу берилген. Айтылгандардын ушул сыяктуу өзгөрмөлүү компоненти менен катар же иштин чыны болуп жатканын же боло тургандыгын көрсөткөн стабилдүү семантикалык ядронун -шаарда башаламандык башталат карым-катышы, өзара мамилеси болот. Дал ушул семантикалык ядрого карата Пропозиция термини колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4