Пропорциялар
Пропорциялар (латынча proportio – тең өлчөм) – бир бүтүндүктүн мүнөзүнө, белгилүү бир келбетине дал келген предметтин формаларынын (бөлүктөрүнүн) алардын чоңдугу боюнча өз ара катышын аныктаган көркөм практика термини. Пропорция түшүнүгү өзүнө жана анын сүрөттөлүшүнө да колдонула берет. Туура П-дын практикалык мааниси өтө чоң, себеби алар көркөм жана туура сүрөттүн негизин түзүшөт, к. Катыштар макаласын.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004