Просодия

Википедия дан

Просодия (грек. prosodia – басым, кайырма) (просодика) -1) кептик сегменттин бардык деңгээлдеринде (муун, сөз, сөз айкашы, синтагма, фраза, фразадан жогорку биримдик, текст) ишке ашуучу жана маани ажыратуучу роль ойногон фонетикалык каражаттардын системасы. Просодиянын төмөнкүдөй элементтери (компоненттери) бар: кеп мелодиясы, басым, мезгилдик жана тембрдик мүнөздөмөлөр, ритм ж.б. П. термини бул маанисинде интонация түшүнүгү менен маанилеш. Эки термин тең тилдик супрасегментгик каражаттарынын функционалдык системасын белгилөө үчүн колдонулат.

2) Кептин кабыл алуу деңгээлиндеги (тондун бийиктиги, үндүн катуулугу, узактыгы), ошондой эле физикалык деңгээлиндеги (негизги тондун жыштыгы, интенсивдүүлүгү, убакыт) фонетикалык супрасегменттик мүнөздөмөсүнүн жалпы аталышы.

3) Кепти уюштуруунун супрасегменттик каражаты.

4) Муунду мүнөздөгөн фонетикалык каражаттардын системасы. Тарыхый жактан түшүнүгү ыр түрүндөгү кептин структурасын иликтөө менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4